Blog Image

КМУда илимий-методикалык семинар өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында илимий-методикалык семинар өттү. Семинарга конок лектор катары Россия илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнөн, Владивосток шаарынан Деңиз биологиясы улуттук илимий борборунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Ульяна Шевченко чакырылган. Ал «РФда илимий изилдөө прцесстери, Россия Федерациясынын Ыраакы чыгышындагы деңиз биологиясы боюнча изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү” деген темада жандуу, кызыктуу лекция окуду.

Бул илимий - методикалык семинарга институттун директору Мирлан Дылдаев, Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы Гульнара Шаршеналиева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер жана катышты.

Конок лектор үлүлдөрдүн булчуң ткандарынан фармокологияда колдонууга мүмкүн болгон белокторду бөлүп алуунун жолдорунун биохимиясы жана анын практикалык мааниси жөнүндө кеңири маалымат берди.