КМУда инфраструктураны жаңылоо иштери уланууда
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу жайдын инфраструктурасын жаңылоо жана модернизациялоо багытындагы иштер активдүү жүрүүдө. КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана административдик – чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев №6 окуу корпусунда жана студенттик жатаканада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
№6 окуу корпусунда заманбап жыйындар залы жана аудиторияларды камтыган кошумча кабаттын курулушу соңуна чыгып, студенттер жакшы шарттар түзүлүүдө. Ошондой эле, студенттердин жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында бир катар иштер жүргүзүлүп, жатаканада инженердик коммуникациялар жаңыланып, эмеректер алмаштырылган.



