Blog Image

КМУда“Инклюзивдик маданият: актуалдуу маселелер жана чечимдер” аталышында студенттик илимий-практикалык конференция өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика жана психология институтунда “Инклюзивдик маданият: актуалдуу маселелер жана чечимдер” аталышында студенттик илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан Зайниев, ППИнин директору Гүлзат Казиева, “Манас” социалдык айылынын төрайымы Гүлбарчын Такырбашева, КРнын Жогорку Кенештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кенештин мүчөсү Назгүл Турдубекова , “InKoom” долбоорунун координатору Бактыгүл Исланбекова жана студенттер катышты.

Конференциянын максаты өлкөдөгү майыптуулугу бар адамдардын укуктук жана социалдык абалын, билим берүү, спорт, маданият жана коомдук иштерге катышуу маселелерин изилдөө, аныктоо жана чечүү мейкиндигин түзүү болуп саналат.