Blog Image

КМУда “Инсайттардын булагы – китеп” аталышында мастер-класс өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-апрель – Эл аралык китеп күнүнө М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун тренерлери Эльмира Турсунова жана Сапарбек Оморов “Инсайттардын булагы – китеп” аталышында мастер-класс өтүштү.

Мастер-класстын жүрүшүндө улуу жазуучу Ч. Айтматовдун жана коомдук ишмер Т. Эгембердиевдин китепке болгон кызыгуусу эмнеден башталганы тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле, “ИНСАЙТ” интеллектуалдык клубунун концепциясы тууралуу маалымат берилип, клубдун ишмердүүлүгүнүн негизги 5 багытты каралды:

-Китеп түшүнүк булагы,

-Искусствого көз караш,

-Музыкалык горизонттор,

-Улуттук оюндар жана каада-салттар,

-Кино күзгү жана терезе катары.

Иш-чаранын максаты: катышуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын өстүрүү жана маданий көп түрдүүлүкү урматтоого үйрөтүү.

Иш-чара М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.