КМУда «Интерьердин фронталдык перспективасы» аталышында ачык сабак өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу Нургүл Ирсалиева «Интерьердин фронталдык перспективасы» аталышында ачык сабак өттү.
Иш-чарага Искусство жана дизайн факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Сабактын жүрүшүндө перспективалык мыйзамдардын негизинде сүрөт тартуу ыкмалары түшүндүрүлүп, көз деңгээлине жараша перспективалык масштабдардын жана кыскаруулардын өзгөрүү принциби тууралуу маалымат берилип, процесс бөлмөгө эмеректерди жайгаштыруу мисалында практика жүзүндө көрсөтүлдү.