Blog Image

КМУда "Интернет аркылуу жаштарды радикалдаштыруу жана тыюу салынган уюмдарга жалдоо" аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 13-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Нурбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Шекербек Бердибек уулу жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Равшан Эратов "Интернет аркылуу жаштарды радикалдаштыруу жана тыюу салынган уюмдарга жалдоо" аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекциянын максаты: жаштар арасында радикалдашууларын алдын алуу, интернет аркылуу тыюу салынган уюмдардын таасирине кабылбоого чакыруу жана коопсуздукту бекемдөө үчүн маалымат берүү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жаштарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган көйгөйлөрдү, радикал идеологиянын таралыш ыкмаларын жана аны алдын алуу боюнча маалымат берилди.