Blog Image

КМУда "Ири компаниялар менен маектешүүгө кантип даярдануу керек, өзгөчөлүктөрү жана талаптары" темасында конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттерине "Альфа Телеком" ЖАКтын Маалыматтык коопсуздук кызматтынын Интеграция боюнча улук инженери Нуржан Иманакунова "Ири компаниялар менен маектешүүгө кантип даярдануу керек, өзгөчөлүктөрү жана талаптары" темасында конок-лекция өттү.  Ага ЖМТИнин директору У. Керимов, орун басары К. Ачекеев, илимий иштер боюнча координатору Г. Султанбаева, IT-колледждин башчысы Н. Сейтказиева жана студенттер катышты. Студенттер лекциянын жүрүшүндө ири компанияларга жумушка кантип орношуу керектиги тууралуу маалыматтарга ээ болушту.