Blog Image

КМУда иш берүүчүлөр менен кереге кеңеш өттү

Бүгүн, 17-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда иш берүүчүлөр менен кереге кеңеш өттү.

Иш-чаранын максаты: университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик даярдыгын, педагогикалык чеберчилигин жана ишке болгон жоопкерчилигин талкуулоо, ошондой эле иш берүүчүлөр менен университет ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.

Иш-чаранын жүрүшүндө иш берүүчүлөр өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүшүп, КМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн билим берүү тармагындагы ролун жана алардын билим сапатына кошкон салымын белгилешти. Ошондой эле, бүгүнкү күндө практикага келген студенттердин кесиптик даярдыгы жана педагогикалык чеберчилиги тууралуу да пикирлер айтылып, мектеп жетекчилери КМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн педагогикалык чеберчилигин жана өз ишине болгон жоопкерчилигин жогору баалашты.

Иш-чаранын соңунда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту менен профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жетекчилеринин ортосунда билим берүү процессинде кызматташтыкты күчөтүү максатында келишимге кол коюлду.

Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.