Blog Image

КМУда «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү өркүндөтүү» аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 2-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун ардактуу профессору Күлүмкан Садыкова «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү өркүндөтүү» аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекция мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана жайылтуу иш-планынын алкагында уюштурулуп, иш-чарага Экономика жана менеджмент институтунун студенттери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдонуудагы кыргыз адабий тилинин орфоэпиялык, орфографиялык, стилистикалык жана грамматикалык ченемдеринин так сакталышынын маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Конок-лекция студенттердин мамлекеттик тилинде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча түшүнүгүн кеңейтип, алардын тил билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Иш-чара Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.