Blog Image

КМУда ишембилик өтүүдө

Бүгүн,14-сентябь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бардык окуу түзүмдөрүндө жана жатаканасында ишембилик өтүүдө. Окутуучулар менен студенттер биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, таштандыларды чыгарышты. Ал эми жатаканада жашаган студенттер имараттын айланасын тазалашты. Окуу жайдын аймагын тазалоо иштерине университеттин жалпы жамааты жигердүү катышты.