Blog Image

КМУда "IT тармагына жумушка орношуу үчүн көндүмдөр" аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 14-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде DIGITAL NOMAD IT окутуу борборунун программист-тренери Талгат Мендеков "IT тармагына жумушка орношуу үчүн көндүмдөр"аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө программист-тренер Талгат Мендеков IT тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңештерин берди. Конок-лекцияда студенттер IT чөйрөсүндө карьера түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат алышты.

Лекциянын негизги максаты – студенттерди IT тармагындагы ишке орношуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен тааныштырып, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу.

Конок-лекция Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.