Blog Image

КМУда "IT технологияларды өнүктүрүү перспективалары" аталышында тегерек стол өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары тарабынан уюштурулган "IT технологияларды өнүктүрүү перспективалары" темасында тегерек стол өттү.

Иш-чарага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан Эл аралык университетинин, К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин жана Кыргызстан Эл аралык университетинин "Номад" колледжинин окутуучулары жана студенттери катышты.

Тегерек столдун негизги максаты актуалдуу маселелерди чечүү жолдорун талкуулоо болуп саналат. Бардык катышуучулар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирин билдиришти.