Blog Image

КМУда “Ийгилик үчүн лидерлик” аталышында семинар өттү

Бүгүн, 22-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Ийгилик үчүн лидерлик” аталышында семинар өттү.

Семинардын алкагында төмөнкү спикерлер сөз сүйлөштү:

• Клифф Харрис – Лидерлик боюнча машыктыруучу, IT адиси жана рекрутинг боюнча эксперт;

• Том Роквуд – Камсыздоо чынжыры боюнча адис;

• Дарси Харрис – Өндүрүш жана камсыздоо чынжыры боюнча аткаруучу директор.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер лидерликти өнүктүрүү, жеке мотивация жана ийгиликке жетүүнүн натыйжалуу стратегиялары тууралуу маалымат алышты. Спикерлер өз тажрыйбаларына таянып, лидерлик принциптерин практикалык турмушка кантип ашырууга болору жөнүндө маалымат беришти.

Семинар Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.