Blog Image

КМУда “Күч, өнөр жана чеберчилик” аталышында конкурс өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Күч, өнөр жана чеберчилик” аталышында конкурс өттү.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Сынактын алкагында кол күрөш, турникке тартылуу жана башка бир нече таймаштар орун алды.

Конкурстун максаты: студенттердин мыкты физикалык даярдыгын,чыгармачылыгын жана команда менен ынтымактуу иштөө жөндөмүн далилдөө.

Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.