КМУда “Көөнө сөздөр” сөздүгүнүн презентациясы өттү
15-октябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Көөнө сөздөр” сөздүгүнүн презентациясы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КМУнун ректору, ф.и.д., профессор Айгүл Абдраева, КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттар жана студенттер катышты.
Аталган иш-чарада “Көөнө сөздөр” сөздүгүнүн түзүүчүсү, кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Таңсыкай Акматованын сөздүк тууралуу презентациясы өттү.
Сөздүктүн автору ошону менен бирге "Унутулуп бара жаткан улуттук суусундуктар" аталыштарынын этимологиясына терең токтолуп, аудиторияга кызыктуу маалыматтарды бөлүштү.
“Көөнө сөздөр” сөздүгүнүн рецензенттери ф.и.д., проф.м.а. Толгонай Сыдыкова жана т.и.к., доцент Назгүл Рысмендеева талкуулоодо ой-пикирлерин ортого салды. Алар менен катар иш-чаранын катышуучулары да өз ойлорун билдирди.
Иш-чара КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.