Blog Image

КМУда “Көп тилдүүлүк – биримдиктин жана достуктун тили” аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Көп тилдүүлүк – биримдиктин жана достуктун тили» аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-октуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кытай, корей, түрк, араб жана англис тилдеринде ырлар аткарылып, бийлер жана сахналаштырылган оюндар көрсөтүлүп, көп тилде сүйлөө, тил үйрөнүү жана ар бир элдин маданиятын сыйлоо тууралууу маалыматтар берилди.

Мындай иш-чаралар студенттердин көп тилдүүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультети тарабынан уюштурулду.

Позвонить