Blog Image

КМУда “Көркөм чыгармага идеялык-тематикалык талдоо жүргүзүү” (Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинин мисалында)” темасында ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунунда предметтик жумалыктын иш планынын негизинде Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Клара Солтобаева “Көркөм чыгарманы мектепте талдоо” дисциплинасынан “Көркөм чыгармага идеялык-тематикалык талдоо жүргүзүү” (Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестинин мисалында)” темасында ачык сабак өттү.

Сабакта бүгүнкү күнү мектеп окуучусу эмнеге китеп окубайт, күнөө кимде, кантип кызыктырсак болот деген суроолорго жооп изделип, кызыктыруунун бирден-бир жолу - чыгарманы талдоо экени айтылып, Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестин студенттер менен бирге талдоого алды. Чыгармага талдоо жүргүзүү аркылуу окуучулардын чыгармага кызыгуусун ойготуп, талашып тартышуудан улам окуучулардын оозеки кеби калыптанып, логикалык ой жүгүртүүсүн өсөрүн, адабий-теориялык түшүнүктөрү жогоруларын, окуучуну көркөм чыгарма жазуунун сырларына үйрөтөрүн практика жүзүндө көрсөттү.

Экинчиден, адабият мугалими көркөм чыгарманы талдоодо инновациялык метод жана ыкмаларды колдонуусу, интернет булактарынан маалыматтарды пайдалануусу, чыгармада берилген ойду бүгүнкү күн менен байланыштыруу, салыштыруусу, чыгарманы интерпретациялай билүүсу керектиги мыкты көрсөтүлдү.