КМУда “Көркөм которуу конкурсу” аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 14-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Көркөм которуу конкурсу” аталышында иш-чара өттү.
Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучулары Зульфия Сазыкулова, Айзат Кармышакова, Дилбар Эшенкулова, Зарина Темирбекова жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө көркөм которууда тексттин эмоционалдык жана эстетикалык аспекттерин сактоо аркылуу анын оригиналдуу маанисин жана түпкү маңызын так, түшүнүктүү түрдө берүү процесси тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын максаты: студенттердин чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу, аларга профессионалдык жана жеке өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу.
Иш-чара КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.