КМУда “Кадр даярдоодо практиканын ролу” аталышында практикалык конференция өттү
29-май күнү И. Арабаев атындагы КМУда практиканын жыйынтыгы боюнча “Кадр даярдоодо практиканын ролу” аталышында практикалык конференция өттү. Иш-чарага КМУнун окуу башкармалыгынын начальниги Равшан Зайниев, КМУнун практика жетекчиси Нурпаис Баястанов, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында студенттерге жана практика жетекчилерине сыйлыктар тапшырылды.