Blog Image

КМУда “Кана эмесе, кыздар!” аттуу таймаш өттү

6-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун биология жана химия адистигинде окуган 2-курстун студенттеринин ортосунда 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кана эмесе, кыздар!” аттуу таймаш өттү.

Таймашты аталган курстун кураторлору доцент У.Ч. Сапарбаева, окутуучу Н.С.Камчыбековалар уюштурушту. Аялзатынын жаз майрамына жана студенттердин адистиктерине байланышкан сууроолор, оюн-тамашалар, макал-лакаптар, жаңылмачтар айтылып, кыздардын кесме кесип, салат даярдоо жөндөмдүүлүктөрү дагы сыналды. Калыстар тобу тарабынан студенттердин өнөрлөрү бааланып таймаштын аягында биологдор командасы жеңүүчү деп аталды.