КМУда «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу – мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуу башатында» аталышында отурум өттү
27-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу – мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуу башатында» аталышында отурум өттү.
Иш-чарага “Ата-Бейит” УТМКнын директору, т.и.д. Болот Абдрахманов, Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору, т.и.д., КР УИАнын мүчө-корреспондентти Чолпон Койчуманова сөз сүйлөштү. Тегерек отурумга т.и.д. Алымкулова С.К., т.и.к. Асекова С.У., т.и.к. Алыкулова Г.К., “Ата-Бейит” УТМКнын жетектөөчү илимий кызматкери, т.и.к. Малабаев Б.Н., улук илимий кызматкер Бекболотов С.Б., студенттер, активисттер катышты.
Иш-чара “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту менен биргеликте уюштурулду.