КМУда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган эл аралык конференция өз ишин баштады
Бүгүн, 25-сентябрда, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Аталган иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын утурлай уюштурулган.
Эл аралык конференция “Кылым кыйыры” архивдик фото-фоно материалдардын көргөзмөсүнүн расмий ачылышы жана Ишеналы Арабаевдин айкелине гүл коюу аземи менен ачылды.
Конференцияга КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев, Эл аралык Кувейт университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев, коомдук ишмер Нурлан Кангелди, КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катыштып жатат.
"Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган.