КМУда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачык сабак өттү
Бүгүн, 20-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун (ЖМТИ) окутуучулары Рита Бейшекеева жана Мээрим Нурманбет кызы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачык сабак өттү. Иш-чарага ЖМТИнин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Бул сабактын максаты – студенттерге Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү этаптардын бири болгон Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн маанисин түшүндүрүү жана бул тарыхый окуянын мамлекеттүүлүктүн калыптанышына кошкон салымын ачып берүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан эгемендүүлүккө жетүү жолунда басып өткөн этаптары тууралуу маалымат берилип, ачык сабактын алкагында тарыхый фактылар, архивдик материалдар жана ошол мезгилдеги окуяларга арналган баяндамалар жасалды.
Иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.