КМУда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече өттү
Бүгүн, 4-декабрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КМУнун 80 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кече өттү.
Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун тарыхын чагылдырган презентация жана видеороликтер тартууланды.
Адабий-музыкалык кеченин жүрүшүндө поэзия, драма жана музыка айкалышып, жаштардын чыгармачылык жөндөмүн ачып, тарыхый мурастын маанилүүлүгү көрсөтүлдү.
Иш-чара Орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулду.