Blog Image

КМУда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында илимий-практикалык конференция өттү

КМУда Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында илимий-практикалык конференция өттү

4-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында «Азыркы ЖОЖдогу студенттердин заманбап билим, тарбия алуусундагы маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору» аталышында илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, “Ата-энелер мектебинин” негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен бирге уюштурулду. Конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, КР ЖКнын депутаты Нуржигит Кадырбеков, Кыргызстандагы ЖОЖдордун белгилүү окумуштуулары Акматали Алимбеков, Алмазбек Токтомаметов, Рахат Сулайманова, Мира Мураталиева, Жылдыз Өмүрзакова, Санжарбек Эрдолатов, Кундуз Жузпекова ж.б. катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова - “Кыргызстан жаштары: бүгүн, эртең”, КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов - “Студенттердин заманбап билим алуусунда акыл-эмгеги маданиятын пайдалануунун мааниси жана ролу”, п.и.д., профессор Акматали Алимбеков - “Студенттердин өз алдынча билим алуу ишин уюштуруунун методикасы” аталышында маанилүү баяндамаларды жасашты. Ошондой эле, Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин студенттери жогорудагы теманын алкагында өздөрүнүн докладдарын окушту.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерди заманбап билим, тарбия алуусунун маселелери жана аны чечүүчү факторлор боюнча сөз болуп, келечек педагогдордун педагогикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, аны практикада колдонуу жана бул тармакты кеңири изилдөөсү боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Конференциянын жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды.