Blog Image

КМУда "Кайрадан жаз, кайрадан сүйүү" аталышында иш-чара өттү

Бүгүн, 14-март күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Кайрадан жаз, кайрадан сүйүү" аталышында иш-чара өттү.

Иш-чара академиялык мобилдүүлүктүн алкагында уюштурулуп, КМУнун Орус филологиясы факультетинин деканы, доцент Назгүл Сегизбаева, Орус филологиясы факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын доценттери Жамиля Арстанбекова, Назира Абдыгазиева жана М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин студенттери Лена Егорова, Ариана Ларионова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки университеттин студенттери арасында кызыктуу жана чыгармачыл баарлашуу болуп, сүрөттөрдү тартып, студенттердин ички сезимдерин жана ойлорун чагылдырышты.

Иш-чара Орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулду.