Blog Image

КМУда кайрымдуулук акциясы өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук акциясы өттү. Анын алкагында балдарга арналган концерттик программа аркылуу Бишкек шаарында жайгашкан балдар үйү жана интернаттар үчүн белектер, акча каражаттар чогултулат.

Бул акцияга окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттер активдүү катышты. Иш-чара Педагогика жана психология институтунун студенттеринин жана окутуучуларынын аракети менен 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Алина Жетигенова жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар КМУнун студенттери менен биргеликте өз өнөрлөрүн тартуулашты.