Blog Image

КМУда Казакстандык профессор Дүйшөн Шаматов “Силлабус жазуу: Окутуу жана баалоо боюнча окуу” деген темада семинар өтүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов “Силлабус жазуу: Окутуу жана баалоо боюнча окуу” деген темада семинар өтүүдө. Иш-чарага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттары, докторанттары жана студенттери катышууда.