Blog Image

КМУда "Кечээги студент, эртеңки мугалим" аталышындагы конференция өттү

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын 4-курстарынын "Кечээги студент, эртеңки мугалим" аталышындагы педагогикалык практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Ага аталган кафедранын башчысы, окутуучулар курамы, студенттери жана Мукаш Абдраев атындагы музыкалык орто мектептин таланттуу окуучулары келип катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө конок катары келген окуучулар “Манас” эпосунан үзүндү айтып, комузда кол ойнотушту.