Blog Image

КМУда “Келечектеги кесипкөй адистерди даярдоодо улуттук нарк маселеси” аталышындагы конок-лекция өттү

23-сентябрь куну И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүндө "Кыргыз жараны" концепциясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү журналист, акын Дүйшөк Мамбетөмүров “Келечектеги кесипкөй адистерди даярдоодо улуттук нарк маселеси” аттуу темада конок-лекция өттү.

Конок-лекция Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналып, ага профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер катышты. Дүйшөк Мамбетөмүров улуттук баалуулуктардын кыргыз турмушундагы, жаштарды тарбиялоодогу орду тууралуу кеңири айтып берип, келечектеги адистерди даярдоодо нарк-насилдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Студенттер конокко кызыккан суроолорун беришип, лекция жандуу талкуу менен коштолду.

Иш-чара Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмү тарабынан уюштурулду.