Blog Image

КМУда “Келечектин илимпоздору” аталышында эл аралык долбоор өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Келечектин илимпоздору” аталышында эл аралык илимий долбоор өтүүдө.

Иш-чарага КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, А. С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институтунун илим боюнча проректорунун милдетин аткаруучу Наталья Боженкова, жаңы маалыматтык технологиялар институтунун, педагогика жана психология институтунун, орус филология факультетинин, физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы, магистранттар, студенттер катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө илим жаатында тажрыйба алмашууга жана Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого шарт түзүлдү.

Иш-чара КМУнун орус филологиясы факультети жана Россиянын А. С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту (Москва) тарабынан уюштурулду.

Позвонить