Blog Image

КМУда “Келечектин кесипкөй багыты: мектеп окуучуларына эрте кесипке багыт берүү” аталышында кереге отурум өттү

И.Арабаев атындагы КМУда “Келечектин кесипкөй багыты: мектеп окуучуларына эрте кесипке багыт берүү” аталышында кереге отуруму өттү. Иш-чарага кесиптик багыт берүү долбооруна кызыккан мектептердин, университеттердин жана коммерциялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Кесиптик багыт берүүдө геймификация жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү, “Футурика” долбоорунун айланасында кызыкдар тараптардын тобун түзүү жана билим берүү уюмдары үчүн долбоордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Анда, келечектин кесиптерин популяризациялоо жана мектеп окуучуларынын кесиптик жеке траекториясын моделдөөнүн заманбап чечимдери кесипке багыт берүү ишин жакшыртууга чоң салым кошот экендиги белгиленди.