КМУда “Келерки муунга билим берүү” долбоорунун жыйынтыктоо жана жаңы этапты ачуу аземи өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Келерки муунга билим берүү” (NextGenEd) долбоорунун жыйынтыктоо жана жаңы этапты ачуу аземи өттү.
Иш-чарага КМУнун Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, АКШ элчилигинин маданий иштери боюнча кызматкери Жеффри Бантинг, Санариптик билим берүү боюнча министрдин орун басары Лира Самыкбава, Улуттук мугалимдерди кесиптик өнүктүрүү институтунун директору Алмазбек Токтомаметов, ELTO долбоорунун менеджери Айдай Аманкулова, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, мектеп мугалимдери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 500дөн ашуун мугалим онлайн катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы англис тил мугалимдеринин олимпиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Алардын катарында 3 мектеп мугалими жана 3 университет окутуучусу ELTO-2025 программасынын жеңүүчүлөрү болуп табылып, эл аралык деңгээлде кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Сыйланган мектеп мугалимдери:
- 1-орун: Кымбат Сартбаева (Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназиясы)
- 2-орун: Бегайым Бактиярова (Баткен облустук гимназиясы)
- 3-орун: Жаныл Байгабылова (Ысык-Көл облусу)
Университет окутуучулары:
- 1-орун: Асел Жыргалбек кызы (Бишкек мамлекеттик университети)
- 2-орун: Суусара Жеңишова (И.Арабаев атындагы КМУ)
- 3-орун: Жылдызкан Асанова (Ош мамлекеттик университети)
“Келерки муунга билим берүү” долбоору кыргыз билим берүү системасын жаңылоого, англис тилин жана STEM билимдерин заманбап ыкмалар менен үйрөтүүгө багытталган маанилүү платформа болуп саналат.
Иш-чара КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду.