Blog Image

КМУда киберкоопсуздук боюнча конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Чолпон Назаркулова киберкоопсуздукту камсыздоого жана маалыматтык алдамчылыктын алдын алуу боюнча конок-лекция өттү.

Конок-лекцияга КМУнун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандардын жеке маалыматтарын коргоо, интернеттеги алдамчылыктардан сактануу, коопсуз санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.

Бул иш-чара санариптик билимди тереңдетүүгө, киберкоопсуздук боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана студенттерди замандын талаптарына ылайык даярдоого шарт түзөт.

Позвонить