Blog Image

КМУда "Климаттык кризистин себептери" аталышында семинар өттү

6-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык экология, жерин таануу, туризм жана аймак таануу боюнча өспүрүмдөр борбору менен биргеликте "Климаттык кризистин себептери" аталышында семинар өттү.

Семинарга КМУнун Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары катышты.

Иш-чарага Бишкек шаарынын №15 жана №89 жалпы орто билим берүү мектеби, SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия-комплексинин мугалимдери жана окуучулары катышты.

Семинардын жүрүшүндө климаттык кризистин себептерин изилдөө боюнча видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле ЭКОмуун ийрими тарабынан лабораториялык шартта түтүн чагылдырылып көрсөтүлдү.