Blog Image

КМУда “Климаттын өзгөрүүсү, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелерин окуу процессине интеграциялоо” аталышында эл аралык илимий семинар өттү

9-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдык мааракесинин алкагында «Климаттын өзгөрүүсү, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелерин окуу процессине интеграциялоо» аталышында гибриддик форматта эл аралык илимий семинар өттү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга куттуктоо сөзүн жолдоп CAMP «Ала-Тоо» экологиялык билим берүү жана жапайы жаратылышты коргоо боюнча программасынын менеджери Алия Ибраимова, CAMP «Ала-Тоо» экологиялык билим берүү боюнча адис Дина Малдыбаевалар сүйлөдү.

Семинарга КРнын Туруктуу өнүктүрүү боюнча билим берүү боюнча улуттук координатору, ТӨБ, ТӨМ боюнча эксперт Жылдыз Дүйшөнова – “Туруктуу өнүгүү концепциясы жана билим берүү процессине интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү”, М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин табигый-математикалык дисциплиналар кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Калыйбүбү Жунушалиева – “Билим берүүнүн интеграциясы Туруктуу өнүгүү үчүн (ТӨБ) жогорку окуу жайларынын окуу планында” баяндама жасашты.

Эл аралык илимий семинарга онлайн форматта Ө.Жанибеков атындагы Түштүк Казакстан мамлекеттик педагогикалык университетинин, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин, Урал мамлекеттик тоо-кен университетинин, Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окумуштуулары катышты.

Семинардын максаты: студенттердин жана окутуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн климаттын өзгөрүшү, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелерин билим берүү процессине интеграциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Илимий семинардын негизги максаты – студенттерде бул актуалдуу көйгөйлөрдү ар тараптуу түшүнүүнү калыптандыруу үчүн климаттын өзгөрүшү, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелерин билим берүү процессине интеграциялоо боюнча натыйжалуу ыкмаларды жана методикалык сунуштарды иштеп чыгуу.

Семинарда дисциплиналар аралык билим берүү демилгелерин ишке ашыруунун ийгиликтүү мисалдары каралды, ошондой эле студенттерде экологиялык жана экономикалык көйгөйлөргө ар тараптуу көз карашты калыптандырууга багытталган окутуунун жаңы ыкмалары сунушталды. Семинар билим берүү мекемелеринин, туруктуу өнүктүрүү жаатында иш алып барган мамлекеттик жана жеке уюмдардын тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды.

Илимий семинарды М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту уюштурду.