КМУда “Климаттын өзгөрүшүн баалоодо маанилүү негиз катары көмүртек изин эсептөө проблемалары” аталышында конок-лекция өттү
Бүгүн, 27-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экология инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор, КР Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Зарлык Маймеков “Климаттын өзгөрүшүн баалоодо маанилүү негиз катары көмүртек изин эсептөө проблемалары” аталышында конок-лекция өттү. Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Конок-лекциянын жүрүшүндө адамзат цивилизациясынын туруктуу өнүгүүсү, жашыл экономикага өтүү, көмүртек изин изилдөө ыкмалары жана моделдери, көмүртектик сыйымдуулукту эсептөө маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.
Конок-лекция КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.