Blog Image

КМУда ӨКМдин жана “Биздин үн” уюмунун катышуусунда акысыз мастер-класстарды өттү

Бүгүн, 1-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ӨКМдин жана “Биздин үн” уюмунун катышуусунда акысыз мастер-класстарды өттү.

Иш-чарада зилзала жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракет кылууну үйрөнүү, медиктер келгенге чейинки көрсөтүлүүчү алгачкы медициналык жардам тууралуу уюштуруучулар кенен маалымат беришти.

Мындан сырткары өзгөчө кырдаал учурундагы жүрүм-турум эрежелери боюнча кеп-кеңештер айтылып, студенттер менен баарлашуу жүрдү.

Мастер-класс учурунда ар кандай викториналык жана интерактивдик суроолор берилип, жандуу пикир алышуу болду.