КМУда "Кодо – жыпар жыт жолу" аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунда ыктыярчы Тенко Мицубоши "Кодо – жыпар жыт жолу" аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара япон тили жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага Японтаануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Япониянын маданиятында жана салттарында "Кодо" (жыпар жыт жолу) деген түшүнүктүн мааниси жана анын япон коомундагы орду туурасында кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чара Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.