Blog Image

КМУда «Компьютердик математика» дисциплинасынан ачык сабак болду

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 1-курсунун студенттерине окутуучу Клара Мырзакулова «Компьютердик математика» дисциплинасынан ачык сабак өттү. Анда Excel программасында математикалык маселелерди чечүү, «MATHCAD» компьютердик математикалык системаларды колдонуу менен математикалык маселелерди практикалык чыгаруу максаты каралып,  студенттерге математикалык маселелерди компьютерди колдонуу менен даярданып, кесипкөй ой жүгүртө билүүсүн, кругозорлорун кеңейтип, коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү милдеттери коюлду.