КМУда "Корей маданиятын көрсөтүү" аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 18-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Корей маданиятын көрсөтүү" аталышында иш-чара өттү.
Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын тарыхы, искусствосу, музыкасы жана салттуу жөрөлгөлөрү, корей тилинде жана маданиятында өзгөчөлөнгөн аспектилер тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын максаты: студенттерге эл аралык маданияттарды тааныштырып, глобалдык коомдогу көп түрдүүлүктү сыйлоо, ошондой эле, кыргыз жаштарын дүйнөлүк аренада ийгиликтүү иш алып барууга даярдоо.
Мындай иш-чаралар студенттерге башка өлкөлөрдүн маданиятын тереңирээк түшүнүүгө жана алардын ар бирине өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чара Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмү тарабынан уюштурулду.