Blog Image

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Чыгыш чеберлери” эл аралык симпозиуму уланды

7-июлда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин текстиль, кийим тигүү технологиясы жана көркөм кол өнөрчүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулган технология жана искусство мугалимдеринин, прикладдык-декоративдик искусствонун чеберлеринин жана профессионал сүрөтчүлөрдүн арасында «Чыгыш чеберлери» аттуу эл аралык симпозиум Ысык-Көлдүн туштүгүндө уланды.

Бүгүн Кажы-Сай айылында жайгашкан “Алтын жээк” пансионатынын базасында көркөм сүрөт өнөрү боюнча пленэр өттү. Окутуучу К.Кубанычбеков окуучулары менен ар кандай ыкмаларды, боёкторду колдонуу менен мастер-класс өткөрүштү.