КМУда корей тили боюнча “Жайкы мектеп” өз ишин улантууда
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун жана Туштук Кореянын Санмён университетинин студенттери тажрыйба алмашуу менен корей тилин бирге окуп үйрөнүүдө.
Студенттерге кыргыз-корей элдеринин маданияты, каада-салты, жаратылышы, улуттук тамак-ашы, кийимдери жана маданий баалуулуктары камтылган лекциялар окулуп, мастер-класстар көрсөтүлүүдө. “Жайкы мектеп” 17-июлда жыйынтыкталат. Ал эми анда окуган студенттер менен окутуучулар сертификаттарга ээ болушат.
Бул иш-чарага PASтын директорунун орун басары Ян Юн Ца, Санмён университетинин профессору Пак Мин Ук , Санмён университетинин студенттери, И.Арабаев атындагы КМУнун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Нуриса Эргешбаева, окутуучулар Ким Док Юн, Пак Мин Сан жана КМУнун корей тилинин окутуучулары жана студенттери катышууда.