Blog Image

КМУда корей тили боюнча жогорку окуу жайлар арасында чечендик өнөр сынагы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда корей тили боюнча жогорку окуу жайлар арасында чечендик өнөр сынагы өттү.

Иш-чарага Түштүк Корея өлкөсүнүн ыйгарымду элчиси Ким Кван Чже, Бишкектеги корей тили борборунун директору Чо Чан У, Корей тили мугалимдеринин ассоциасынын башчысы Квак Хи Бом, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окуу башкармалыгынын башчысы Жылдыз Мадраимова жана студенттер катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча корей тили бөлүмүнүн студенттери Анина Ишенбекова 2-орунга ээ болуп, 10 000 сом акчалай сыйлык, Өмүркан Кенжебаева 3-орунга ээ болуп, 6 000 сом акчалай сыйлык, Айзада Бекназарова кызыктыруучу орунга ээ болуп, 4 000 сом акчалай сыйлык алышты.