Blog Image

КМУда "Корей тили жана тарыхы" аталышында конкурс өттү

Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Корей тили жана тарыхы" аталышында конкурс өттү.

Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар корей тилинде диалогдорду жүргүзүп, корей мамлекетинин тарыхы жана экономикасы тууралуу талкуу жүргүзүштү. Ошондой эле, өздөрүнүн билимин, корей маданияты жана тарыхы тууралуу маалыматтары менен бөлүшүп, корей тилиндеги сүйлөө көндүмдөрүн көрсөттү.

Иш-чаранын максаты – студенттердин корей тилине болгон кызыгуусун арттыруу, тил үйрөнүү процесстерин тереңдетүү, ошондой эле, корей өлкөсүнүн тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат берүү.

Иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Белгилей кетсек, жеңүүчү аталган студенттер 29-март күнү өтүүчү ЖОЖдор аралык коркурска катышат.

Иш-чара Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмү тарабынан уюштурулду.