КМУда корей тилинде чечендик өнөр боюнча Корея Республикасынын Элчисинин сынагынын финалы өтүүдө
Бүгүн, 24-ноябрда, Ишеналы Арабаев атындагы КМУда Кыргызстандагы Корея Республикасынын Элчисинин чечендик өнөр боюнча сынагы Бишкек Седжонг институту менен биргеликте 4-ирет өтүүдө. Бул сынак корей тилин үйрөнүүчүлөр үчүн чоң мотивация катары кызмат кылгандыктан чоң мааниге ээ. Сынакка республиканын бардык аймактарынан 43 катышуучуларынан бүгүн финалда 13 талапкер ат салышууда.