КМУда "Корей тилинде сүйлөшүү" аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 19-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Корей тилинде сүйлөшүү" аталышында иш-чара өттү.
Иш-чара чет тилдер декадасынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар корей тилинде диалогдорду жүргүзүп, өздөрүнүн сүйлөшүү деңгээлин текшеришти.
Иш-чаранын максаты: корей тилин үйрөнүп жаткан студенттердин сүйлөм түзүү, лексикалык жана грамматикалык түзүлүштөрдү жакшыраак түшүнүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле корей тилиндеги сүйлөшүү маданиятын, аны туура колдонуу жөндөмүн өркүндөтүү.
Бул иш-чара корей тилинде эркин сүйлөп, өз ойлорун, эмоцияларын жана маалыматты так жеткире билүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чара Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмү тарабынан уюштурулду.