КМУда Корея Республикасынын Ханьянг университетинин докторанты Тимур Досмамбетов конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамына «Билим берүүдө колдонмо жасалма интеллект жана конверсия» аталышында Корея Республикасынын Ханьянг университетинин докторанты Тимур Досмамбетов конок-лекция өттү. Анда лектор тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле жасалма интеллекттин бардык колдонуу шарттары тууралуу кенен маалымат берди.