Blog Image

КМУда Кореянын Мокгон университетинин профессору Ли Ми Жа жыйынтыктоочу ачык сабагын өттү

Бүгүн, 19-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кореянын Мокгон университетинин профессору Ли Ми Жа буга чейин өтүлгөн сабактардын негизинде студенттер менен бирдикте Монтессори педагогикасы боюнча жыйынтыктоочу ачык сабагын өттү. Бул методика баланын өз ыктыяры менен тандоо жасоого мүмкүндүк берүүчү, анын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү айлана-чөйрөнү даярдоону камтыйт. Монтессори терапиясы аркылуу балага бир нерсени жеке өзү жүзөгө ашыруу аркылуу тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берилет. Бул педагогика балдардын көңүлүн, байкоочулугун, чыдамкайлыгын арттырат.

2023-жылдан бери профессор Ли Ми Жа “Мектепке чейинки билим берүү” профилинин 3-4-курстарынын студенттерине ыктыярдуу түрдө сабак өтүп келди.

Профессор Ли Ми Жа өзүнүн келишим мөөнөтү аяктаганга байланыштуу Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Г.К.Казиева, кафедра башчысы Н.Э.Абдраева, ага окутуучу Э.Б.Тентиева менен бирдикте узартуу шарттарын талкуулады.