Blog Image

КМУда коррупция менен күрөшүү боюнча конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде УКМКнын кызматкери коррупция менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча конок-лекция өттү. Иш-чарага профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Иш-чаранын максаты: университеттин профессордук-окутуучулар курамына коррупциянын кесепеттерин түшүндүрүү, анын алдын алуу үчүн эффективдүү ыкмаларды жана мыйзамдарды үйрөтүү.

Лекциянын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптери, тажрыйбалуу методдору жана ушул маселени чечүүдө мамлекеттик орган жана коомдун ролу тууралуу кеңири маалымат берилди.